Кыргызстанда округдук шайлоо комиссияларын түзүү сунушталды

Жогорку Кеңешке шайлоо комиссияларынын системасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору киргизилди.

Документке ылайык, парламенттик шайлоо маалында округдук шайлоо комиссиялары түзүлөт. Алар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мезгилине гана уюштурулуп, жыйынтыктар расмий жарыялангандан кийин ишин токтотот.

Ар бир округдук комиссияда кеминде 12 адам болот.

Аларга төмөнкү ыйгарым укуктар берилет:

▫️ шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө;
▫️ участкалык комиссиялардын ишин координациялоо;
▫️ шайлоочулардын тизмесин тактоо;
▫️ талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларын уюштуруу;
▫️ арыз-даттанууларды кароо;
▫️ округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо;
▫️ айрым участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу.

Эгер комиссия мыйзам бузса же сот чечимин аткарбаса, аны жогорку комиссия таратып, жаңы курам 3 күндүн ичинде түзүлөт.

Демилгечилер мыйзам долбоору шайлоо системасындагы боштуктарды жоюп, комиссиялардын ишин бирдиктүү тартипке салууга багытталганын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *