Алай районунда эл аралык уюмдардын, тышкы жана ички инвесторлордун, ишкерлердин жана өкмөт мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын катышуусунда “Бизнес форум” болуп өттү.
Иш-чарада бир катар бизнес долбоорлор тааныштырылып, атайын павильон көргөзмөлөр тартууланды. Мындан тышкары, ар кандай каржы уюмдарынын, анын ичинен Орус-Кыргыз, Венгер-Кыргыз, Азербайжан-Кыргыз, Өзбек-Кыргыз өнүгүү фонддорунун башчылары, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчиси, «Жаңы Жибек Жолу» юридикалык жактар ассоциациясынын, «Тянь-Шань Форел» жана «Дем-Ал» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун өкүлдөрү болду.
Алгач Төрага павильондорду аралап көрүп, айрым фонддорду жергиликтүү ишкерлерди колдоо багытында каржылык көмөк көрсөтүүгө чакырды. Ошону менен катар кышкы туризмди өнүктүрүү багытындагы сунуш-пикирлерин айтты.
Форумда сөз сүйлөгөн Төрага уюштурулган иш-чара жөн гана талкуу аянтчасы эмес экенин белгилеп: «Бул Алай районунун келечегин аныктоочу, аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытуучу, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүчү жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө боло турган олуттуу форум болуп саналат», – деди.
Муну менен катар Алай районунда туризм, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, энергетика, соода-логистика жана экологиялык таза өндүрүш багыттары боюнча кеңири потенциал бар экенин белгиледи.





