Кыргызстанда автоунааларга милдеттүү түрдө видеокамера орнотууну ИИМ сунуштады. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, сайтына жарыяланды.


Мыйзам долбоорунда жазылгандай бардык автоунааларда жазуучу прибор болушу керек. Бирок мында тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар жана башка транспорт каражаттарынын түрлөрү кошулбайт.


Эгер долбоор ишке ашса мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Видео көзөмөл каттагычты автоунаа ээлери өздөрү сатып алышат. Эрежеге баш ийбегендер айыпка жыгылат. Долбоордун негизги максаты жол эрежелерин сактоо, кырсыктарды алдын алуу болуп саналат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *