Кыргызстанда жумуш издеген мугалимдер үчүн улуттук mugalim.vacant порталы ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева «Биринчи радионун» 25-декабрдагы эфиринде билдирди.


Министр өз сөзүндө мыкты мугалимдерди тандоо мезгили келип жеткендигин баса белгиледи.
«Мугалимдерди тандоо системасында өзгөрүүлөр башталат. Кайсы жерде мугалимдин орду бошосо электрондук порталга киргизилет. Жумуш издеген мугалим порталдан маалымат таба алат. Ошондой эле директорлор корпусунун да резервдик порталы түзүлөт. Себеби, биз мектепти башкаруучу жаңы муундагы менеджерлерди, заман талабына шайкеш келгендерди тарбиялашыбыз керек«, — деди министр.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *