АКШга барчу кыргызстандыктар эми 5000 доллардан 15 миң долларга чейин төлөйт

АКШга барчу кыргызстандыктар эми 5000 доллардан 15 миң долларга чейин төлөгөнгө туура келет. Бул туурасында Мамдепартаменттин сайтында айтылган.

Маалыматта бул кепилдик берчү визалык күрөө (visa bond) экени белгиленген. Жаңы талап B-1 жана B-2 визаларына — иш сапар, туристтик жана жеке сапар үчүн колдонулмакчы.

АКШ бул тартипти визанын мөөнөтүн бузушу ыктымалдыгы жогору деп эсептелген, өлкөлөргө киргизип, азыр баш-аягы 38ге жетти. Башында 13 өлкө болсо, дагы 25ти кошту. Эми алардын катарына Кыргызстан да кирип, аталган талап быйылкы жылдын 21-январынан тарта иштей турганы айтылды.

Visa bond талап кылынгандар АКШга кирүүдө кошумча шарттарды да аткарышы керек. Тактап айтканда, алар өлкөгө алдын ала белгиленген эл аралык үч аэропорт аркылуу гана кирет алат дешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *