Сокулукта сафлор майы өндүрүлө баштады

Сокулук районунда мамлекеттик асыл тукум заводунун базасында сафлор майын өндүрүү ишке киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги маалымдады.

Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу максырды (сафлорду) өстүрүү жана кайра иштетүү долбоорун ишке ашыра баштады. Ишкананын базасында өсүмдүк майын жана жогорку сапаттагы тоют күнжарасын чыгаруучу жаңы цех ачылды.

Долбоор кайра иштетүү өнөр жайын колдоо алкагында Сокулук райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды.

Бул өсүмдүктү тандоо аймактын климаттык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу: максыр сугатсыз жерлерде дан өсүмдүктөрүнө караганда натыйжалуу келет. Келечекте айдоо аянттарын кеңейтүү жана дыйкандарды үрөн жана техника менен камсыздоо аркылуу өндүрүшкө тартуу пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *