Бүгүн, 30-марттагы Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген «Товардык биржалар жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы укуктук боштукту жоюп, биржа соода-сатыктарынын катышуучуларынын ортосундагы мамилелерди тартипке келтирет.
Ошону менен бирге жасалган бүтүмдөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылып, биржа механизмдерине болгон ишенимдерди жогорулатат жана экономикалык жигердүүлүккө дем берет.
Талкуу маалында депутаттар Айсаракан Абдибаева жана Улан Примов товардык биржалардын иштөө тартиби, ошондой эле Кыргыз фондулук биржасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга кызыгышты.
Буга Кыргыз фондулук биржасынын Башкы директорунун орун басары Мыктыбек Абиров аталган биржанын негизги максаты Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногунун натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды түзүү, акцияларды, облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды жүгүртүү аркылуу экономикага инвестицияларды тартуу экенин билдирип: «Бул багытта оң динамикага жетиштик. Алсак, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча соода көлөмү 220 млрд сомго жетти», – деди баяндамачы.
Муну менен катар эл өкүлү Улан Примов Кыргыз фондулук биржасынын жетекчилигин ата мекендик ишканалардын акцияларын эл аралык деңгээлге чыгаруу боюнча колдоо чараларын күчөтүүгө чакырды. Ал эми депутат Камила Талиева аталган мыйзам долбоорун акционердик коомдордун ишин жөнгө салган жана башка тармактык мыйзамдар менен карама-каршылыктарды жоюу максатында талдоо жүргүзүү керектигин кошумчалады.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

