Иран–АКШ жаңжалы: Карапайым калк арасында курмандыктар көбөйүүдө

Расмий маалыматтарга ылайык, АКШ жана Израиль тарабынан жасалган соккулардан улам 244 аял каза болду. 18 жашка чейинки 214 өспүрүм,5 жашка чейинки 17 бала жана 24 медицина кызматкери набыт болду.

Жалпысынан каза болгондордун ичинде 261и — аялдар жана жаш балдар.

Жарандык инфраструктурага келтирилген зыян да өсүүдө. Кызыл Жарым Ай уюмунун маалыматы боюнча: 93 233төн ашуун объект жабыркады, анын ичинен 31 562си — Тегерандагы турак жай жана коммерциялык имараттар. 600 мектеп соккуга кабылды.

Бул аралыкта Дональд Трамп Иран менен сүйлөшүүлөрдө «прогресс» бар экенин билдирүүдө, бирок ошол эле учурда масштабдуу согуш коркунучу бар экенин да кыйытты.

Электр станциялары, мунай объектилерине, Харг аралындагы терминалга жана тузсуздандыруу инфраструктурасына сокку уруу коркунучу бар.

Иран АКШнын сүйлөшүү тууралуу билдирүүлөрүн четке кагууда. Парламент спикери Мохаммад Багер Галибаф өлкө ар кандай сценарийге даяр экенин билдирди.

Ошол эле учурда Иран буталардын тизмесин кеңейтти:согушка катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн объектилери мыйзамдуу бута болушу мүмкүн.Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө акы киргизүү каралууда.

Иран жана анын союздаштары, анын ичинде хуситтер, Израилге сокку урууда. Хайфа шаарында мунай кайра иштетүүчү заводдо өрт чыкты.Аймактагы чыңалуу деңиз жолдоруна да таасир этүүдө. Хуситтер Баб-эль-Мандеб кысыгын жабуу коркунучун жаратууда.

Эл аралык деңгээлде абалды жөнгө салуу аракеттери күчөдү. Исламабад шаарында сүйлөшүүлөр өтүүдө. Египет президенти Абдель Фаттах ас-Сиси АКШны согушту токтотууга чакырды.

Россия Иранга 300 тоннадан ашуун гуманитардык жардам жөнөттү. Анын ичинде дары-дармек,
медициналык каражаттар бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *