Кыргызстандык боксчулар Россияда өткөн эл аралык мелдеште 2 алтын жана 1 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, КР бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Зафарбек Камилов (51 кг), Мырзакир Кошалиев (+92 кг) жана Амантур Жумаев (54 кг) Комсомольск-на-Амуре шаарында өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту.

51 кг чейинки салмакта Зафарбек Камилов финалдык беттеште беларусиялык мушкер Максим Садовскийди 5:0 эсебинде жеңип алтын медаль тагынды. Ошондой эле +92 кг жогорку салмакта катышкан Мырзакир Кошалиев финалда орусиялык мушкер Илья Бризитскийди 5:0 эсебинде жеңип, мелдештин жеңүүчүсү аталды. Ал эми 54 кг чейин Амантур Жумаев 3-орун алып коло медалдын ээси болду.

Белгилей салсак, 2006-2007-жылы төрөлгөндөр арасындагы Эл аралык мелдеш Орусиянын Комсомольск-на-Амуре шаарында 20-февраль күнү башталып 24-февралда жыйынтыкталды.

Курама команда башкы машыктыруучу Улан Төлөнбай уулу жана машыктыруучу Азиз Абаскановдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *