Ага ылайык, маркумдун жубайын же жакындарын жанындагы бош участокко көмүүну каалагандар ошол участокту атайын бекитилген каражатты төлөө менен ээлеп алса болот. Ал үчүн атайын адистештирилген кызматтын кассасына КР министрлер кабинети тарабынан аныкталуучу тарифке ылайык акча каражаттары төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөрү белгиленген. Мыйзамга Президент Садыр Жапаров кол койгду.
Аталган мыйзам 2023-жылдын 28-декабрында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты – сөөктү коюуну жүзөгө ашырууну, сөөк көмүлүүчү жайды жайгаштырууга, пайдаланууга жана карап-күтүүгө санитардык жана экологиялык талаптарды сактоону камсыз кылуу болуп саналат. Сөөктү коюу жайларында мал жаюуга, бак-дарактарды, мөмөлүү дарактарды, маданий айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө тыюу салынат.