Ош облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен 23-февраль-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата мектеп окуучулар арасында “Мекеним-менин сыймыгым” аталышында иш-чара өткөрүлдү. Анда Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат райондорунда жайгашкан мектептерде “Мекеним менин сыймыгым” аттуу дил баян сынагы өткөрүлсө, Кара-Кулжа, Чоң-Алай райондорунда мекенди коргоочуларга арналган ыр жазуу, ал эми, Алай жана Араван райондорунда чек араны коргоочулардын образын жараткан сүрөт тартуу конкурсу өткөрүлдү.


Иш-чаранын максаты- жаш муунду мекенди сүйүүгө тарбиялоо, балдардын патриоттук сезимдерин ойготуу, ар кандай укук бузуулардан оолак болуп, терең билим алуу, руханий адеп-ахлагын өнүктүрүүгө шыктандыруу менен келечекте мамлекетке ак ниет менен кызмат кылган жаштарды тарбиялоо болуп саналат.


Сынакка райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, билим берүү мекемелери, жер-жердеги ички иштер органдарынын ардагерлери, жаштар комитеттери, ата-энелер жана мугалимдер катышты.


Алгач конкурс мектептер арасында өткөрүлүп, анда жеңүүчү аталган окуучулар райондун деңгээлинде өтүүчү сынакта күч сынашты.


Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан ардак грамоталар, кызыктуу китептер жана башка түрдүү белектер тапшырылды.
Иш-чара мекенди сүйүүнү даңазалаган ыр саптарын аткаруу менен жыйынтыкталды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *