Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата депутат Улан Примов аскер кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.
23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов өз тармагынын өнүгүгүшүнө кошкон салымы, жигердүү имшердиги жана талыкпаган эмгектери үчүн бар катар кызматкерлерге Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын, “КР Жогорку Кеңешине 85 жыл” юбилейлик медалдарын жана Ыраазычылык каттарды тапшырды.

Куттуктоо сөзүндө депутат Улан Примов мекен чегинде турган аскер кызматкерлерине, өзгөчө кырдаалдардагы куткаруу иштеринде эрдик көрсөткөндөргө терең ыраазылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

Төрага Нурланбек Шакиевдин атынан сыйлыктарды тапшыруу вазыйпасы мага тийди. Сиздердин мекен үчүн жасап жаткан эмгектериңиз баа жеткис. Мындан ары дагы элибизге ак кызматыңыздарды аткарып, ар дайым бекем ден соолукта болуңуздар”, -деп белгиледи депутат Улан Примов.
Белгилей кетсек, сыйлыктар Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар минисрлигинин, Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлерине тапшырылды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *