Өлкөгө 250 миң доза вакцинанын жаңы партиясы келгенин саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жарандар эмдөөдөн өтүү үчүн жашаган аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылышы керек. Ошондой эле ал жактан акысыз тест тапшыра алышат.
Акысыз эмдөө 24–65 жаштагы жарандарга жасалат. Вакцина үч этап менен сайылат.
Соңку эки жылда Кыргызстанга мамлекеттик бюджеттин жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен 750 миң доза вакцина алып келинген.
