«BELES» ата мекендик автобустарды чыгаруу долбоору убактылуу токтотулду

Кыргызстанда ата мекендик автобустарды чыгарууну көздөгөн «BELES» долбоору убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ОсОО Белес.kg компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Урмат Дүйшеев билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу процессинде эл аралык стандарттарга шайкештик, техникалык талаптар, өндүрүштү терең модернизациялоо жана толук сервистик циклдин жоктугу сыяктуу олуттуу маселелер аныкталган.

Бул кемчиликтерди жоюу үчүн кошумча ири инвестициялар талап кылынары белгилүү болуп, баштапкы эсептөөлөрдөн кыйла ашып кеткен. Ошондуктан азыркы шартта долбоорду улантуу финансылык жактан мүмкүн болбой калган.

Урмат Дүйшеев президент же мамлекеттик органдар «BELES» автобустарын сатып алуу боюнча эч кандай юридикалык же каржылык милдеттенме алган эмес экенин баса белгиледи. Анын айтусуунда мамлекет тарабынан «аткарылбай калган убада» тууралуу сөздөр чындыкка дал келбейт.

Учурда долбоор толук жабылган жок — ал кайра каралып, жаңылоо жана талаптарга ылайыкташтыруу жолдору изилденип жатат.

Эске салсак, төрт жыл мурун Кыргызстанда биринчи үлгүдөгү «BELES» жүргүнчү автобусу чыгарылган, бирок өндүрүштү кеңейтүү мүмкүн болгон эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *