Кыргызстанда кинопавильон жана Dolby Atmos студиясы ачылышы мүмкүн

Кыргызстанда кинопавильон жана заманбап Dolby Atmos үн жаздыруу студиясын куруу пландалууда. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, азыр прокаттык күбөлүктөрдүн дээрлик 70 пайызы жергиликтүү кинопродюсерлерге таандык. Кыргыз киносунун көрүүчүлөр арасында суроо-талабы өсүп, эл кинотеатрларга активдүү бара баштады.

Өлкө жетекчилиги кинопавильон куруу демилгесин колдоду. Мындан тышкары, Минкультуры Dolby Atmos технологиясы менен жабдылган үн жаздыруу студиясын ачуу ниетинде. Бул чет өлкөгө, айрыкча Москвага барып фильмдерди үндөтүүгө кеткен чыгымдарды азайтууга шарт түзөт.

Учурда студиянын техникалык талаптары иштелип чыгып жатат. Министрдин үмүтү боюнча, 2026-жылдын аягына чейин студия ишке берилет.

Кинопавильон мамлекеттик заказ болгондо «Кыргызфильмге» кызмат кылат, ал эми бош турган учурда жеке студияларга ижарага берилет. Бул киностудияга кошумча киреше алып келет.

Dolby Atmos— үч өлчөмдүү, сапаттуу үн берүүчү заманбап технология болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *