Кийинки жылдан тарта Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен каржы берүү токтойт

Кийинки жылдан тарта Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен каржы берүү токтойт. Бул тууралуу Садыр Жапаров билдирди.

Президент быйыл МИКке акыркы жолу бюджеттен 500 млн доллар берилерин айтты. Анын айтымында, компания мындан ары өзүн-өзү каржылоого өтөт. Азыр компаниянын капиталы — 87 млрд сом.

Мамлекет башчы ипотекалык батирлер 4-8% менен берилип жатканын айтып, бул өлкөдөгү инфляциянын деңгээлинен да төмөн экенин белгилеген.

“Мисалы, Бишкек жана Чүйдө чарчы метрин 700 доллардан “под ключ” бересиңер деп, жеке компанияларга тапшырма берип, салдырабыз. Анан алар 700 доллардан бир доллар ашырбай, Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берет. Мына ушул үйлөрдү 700 доллардан алып жатабыз. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания үстүнө 250 доллардан кошуп, 950 доллардан берип жатат. Эгерде жеке жактардан алсаңар, жок дегенде 1500 доллар болмок”, — деген ал.

Мамлекеттик ипотека батирлерди 25 жылга берип жаткандан кийин, бул 250 доллар ошол 25 жыл ичиндеги инфляцияны жаппай калып жатканын, керек болсо 50 пайызын да жаппай турганын айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *