Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жатышы мүмкүн

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Абдыкадыр Орозбековдун сөөгүн издөө үчүн казуу иштерин уюштурууну өтүндү.

Тарыхчынын айтымында, сөөгү коюлган болжолдуу жер аныкталган. Бирок издөө иштерин жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын тиешелүү тапшырмасы зарыл.

Молдокасымов 1938-жылдын май айында Абдыкадыр Орозбеков саясий репрессиянын башка курмандыктары менен бирге жашыруун көмүлгөнү тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн беш негиздөөчүсүнүн ичинен азырынча экөөнүн — Жусуп Абдрахманов менен Иманалы Айдарбековдун гана сөөгү табылган. Алар «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине коюлган. Абдыкерим Сыдыковдун, Абдыкадыр Орозбековдун жана Ишеналы Арабаевдин сөөгү коюлган жерлер азыркыга чейин белгисиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *