Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы шамал электр станциясы расмий түрдө жалпы тармакка алгачкы мегаватттарды бере баштады. Бул тууралуу «Жашыл» станциялар ассоциациясынын жетекчиси Кундуз Кырбашева билдирди.
Шамал электр станциясы Балыкчы шаарында жайгашкан. Объект 100 мегаватт кубаттуулукка эсептелип, жылына 250 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Маалыматка ылайык, станция Ысык-Көл облусун энергия менен камсыздап, ашыкча көлөмү CASA-1000 эл аралык долбоорунун алкагында экспортко багытталышы мүмкүн.

