Оштогу Тешик-Таш базары жаңы базарга көчүрүлөт

Таңкы рейддин жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Тешик-Таш базарынын аймагын жеринен көрүп чыгып, учурдагы абалы менен таанышты.

Анын жыйынтыгында тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жакынкы күндөрү базарды белгиленген талаптарга ылайык жаңы базарга көчүрүү боюнча тапшырма берди.

Шаар башчысы базардын башаламан жайгашуусу жол кыймылына тоскоолдук жаратып жатканын, жарандардын коопсуздугуна коркунуч туудуруп, санитардык-гигиеналык талаптар сакталбай жатканын белгилеп, базардын ишин иретке келтирүүнүн жана соода-сатыкты белгиленген тартипке ылайык уюштуруунун зарылдыгын белгиледи.

Тиешелүү кызматтарга базарды көчүрүү процессинде ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүү, альтернативдүү соода аянтчаларын сунуштоо жана калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *