Улуттук Банк кирешесин толугу менен бюджетке которот

Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын пайдасын республикалык бюджетке которуу тууралуу конституциялык мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо 3 окууда жактырды.

Мыйзамга ылайык,
Нацбанк өз кирешесинин 100%ын көз карандысыз тышкы аудит тастыктагандан кийин
республикалык бюджетке өткөрөт.

Алдын ала эсеп боюнча, которула турган сумма 50 млрд сомго жакын болушу мүмкүн.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, бул каражаттар социалдык маанилүү чыгымдарды каржылоого багытталат.

Эске салсак:
▪️ 2023-жылы — 12,6 млрд сом
▪️ 2024-жылы — 45,7 млрд сом

Улуттук банк өз кирешесин толугу менен бюджетке которгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *