Кыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга жана менчиктештирүүгө тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча жарлыкка кол койду. Атайын тизмеге кирген имараттарды сатууга, менчиктештирүүгө, бузууга, башка жерге көчүрүүгө жана сырткы көрүнүшүн өзгөртүп кайра курууга тыюу салынды. Коргоо аймактарында курулуш жүргүзүүгө да болбойт. Имараттын авариялык абалы же сейсмикалык талаптарга жооп бербегени аны бузууга негиз боло албайт. Мындай объектилерди бекемдөөгө жана консервациялоого гана уруксат берилет….

Кененирээк

Кыргызстандын жаш балбандары Новосибирсктеги «Салттардын күчү» турниринде жети медаль жеңди

Новосибирск шаарында өткөн «Салттардын күчү — 2026» грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык балбандар бир алтын, эки күмүш жана төрт коло медаль жеңип алышты. Турнирге беш өлкөдөн 15–16 жаштагы спортчулар катышты. 42 кг салмакта Бекзат Керимбеков чемпион болду. Нурел Мурзабеков (55 кг) менен Улан Жаналиев (60 кг) күмүш медаль тагынды. Ал эми Кутболот Бекболотов,…

Кененирээк

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары жана экс-министр үй камагына чыкты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыкканы кабарланууда. Бир катар басылмалар жеке булактарына таянып, Бишкектин Биринчи Май райондук соту чечимди 22-октябрда кабыл алганын жазышты. Соттон маалымат бериле элек. Алар 9-октябрда Аскер прокуратурасы тарабынан коррупция, өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу жана кызматтык…

Кененирээк

Роза Айтматова каза болду

Роза Айтматова 89 жашында дүйнө салды. Кабарды маркумдун туугандары тастыктады. Төрөкул Айтматовдун кызы, кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы 1937-жылы төрөлгөн. Айтматова Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, физика-математика илимдеринин кандидатынан тышкары өлкөнүн коомдук турмушуна да активдүү катышкан кыргыз кыздарынын катарында турчу.

Кененирээк