Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыкканы кабарланууда.
Бир катар басылмалар жеке булактарына таянып, Бишкектин Биринчи Май райондук соту чечимди 22-октябрда кабыл алганын жазышты.
Соттон маалымат бериле элек.
Алар 9-октябрда Аскер прокуратурасы тарабынан коррупция, өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу жана кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон иштин алкагында кармалган.
Райондук сот Досмамбетовду 9-ноябрга чейин, ал эми Авазовду 21-ноябрга чейин камакта кармоо чечимин чыгарган.


