Кыргызстандын базарларында патент менен иштөө системасы 2024-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Дордой” базарына барганда билдирди.
Эске салсак, 2024-жылдын 1-январынан тарта патент менен иштөө системасы жоюлаары маалымдалып, соңку күндөрү бир катар ири базарларда буга каршы нааразычылык акциялары өтүп жаткан.
Буга чейин президенттин тапшырмасы менен базарларда жүрүп жаткан нааразычылыктарды иликтөө үчүн атайын коммиссия да түзүлгөн эле. Бүгүн, 5-декабрда, президент Садыр Жапаров “Дордой” базарына өзү барып, соодагерлер менен жолукту.
“Базарлар кандай иштеп жатса, ошондой кылып 2024-жылдын июлуна чейин токтотуп тургула дедим. Анткени буга салыкчыларыбыз өздөрү даяр эмес экен. Мен муну кечээ билдим“, — деди Жапаров.
Ал ошондой эле салык кызматкерлерин, өкмөт мүчөлөрүн жана соодагерлердин делегаттарын топтоп, дагы бир ирет сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен бир чечимге келишерин кошумчалады.