Мындан ары жарандар туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана өлгөндүгү тууралуу маалымкатты алуу үчүн аралыктан электрондук арыз беришсе болот. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Пилоттук долбоор 2023-жылдын 1-декабрынан тартып иштеп баштайт. Иш аракеттин максаты Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик каттоо кызматтарына арыз ээлеринин көбүрөөк жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана мамлекет менен жарандардын ортосунда туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү түзүү болуп саналат.
Белгилей кетсек буга чейин аталган долбоор , 2022-жылдын 3- октябрынан 2023-жылдын 3-октябрына чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймактарында жүргүзүлгөн. Анын алкагында 2023-жылдын сентябрынын башына карата Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу келип түшкөн арыздардын негизинде 86 баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо жүргүзүлүп, анын ичинен 32си үйүнө жеткирилген.

