Ысык-Көл жана Орто-Токойдо канаттуулар кышкы эсепке алынды

Ысык-Көлдөгү жана Орто-Токой суу сактагычындагы сууга жакын жана сууда сүзүүчү канаттууларды кышкы эсепке алуу иштери жүргүзүлдү.

Санакты Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги УИАнын Биология институту жана Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы менен биргеликте өткөрдү.

Канаттуулар жыл сайын кыш, жаз жана күз мезгилдеринде экодемографиялык мониторингден өтөт.

Адистердин айтымында, бул изилдөө Борбор Азиядагы маанилүү миграциялык каттам болгон Ысык-Көлдө жашаган кышкы жана келгин канаттууларды изилдөөгө шарт түзөт.

Алынган маалыматтар суу объектилеринин абалын жана аймактын экологиялык балансын баалоого жардам берет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *