Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 12% деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды. Чечим 27-октябрдан тарта күчүнө кирди.
Жылдык инфляция сентябрдагы 12,2%дан октябрда 10,8%га чейин басаңдады. Ал эми жыл башынан бери баалар 8,5%га өстү.
Тогуз айда өлкөнүн экономикасы 10,8%га өскөн. Улуттук банк инфляцияны 5–7%га чейин төмөндөтүүнү көздөйт. Бирок дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат баалары тобокелдик жаратууда. Эсептик чен боюнча кийинки жыйын 30-ноябрда өтөт.


