Соцфонд топтомо пенсияны кайсы учурларда алууга болорун түшүндүрдү

Социалдык фонд жарандар топтомо пенсиялык каражаттарын төмөнкү учурларда пайдалана аларын билдирди:


Пенсия алып жаткан же алууга укуктуу жарандарга жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтомолор төлөнөт.

Кыргызстандан тышкары туруктуу жашоого чыккан жарандар пенсиялык топтоолорун ала алышат.


Каза болгон камсыздандырылган жарандын пенсиялык топтомолору мураскорлоруна берилет.


Аскер кызматкерлери 63 жашка жетип, мурда жарандык тармакта иштеп Соцфондго төгүм төлөгөндөр каражат ала алышат.


Ипотека, мурабаха келишими, үлүштүк курулуш же бөлүп төлөө менен үй алган жарандар пенсиялык топтоолорун (айрым учурда бир нече жолу) колдонсо болот.


Расмий жумушсуз деп таанылгандар жашоо минимумун эске алуу менен каражат ала алышат.


Оор дартка кабылган жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү пенсиялык топтомолорун мөөнөтүнөн мурда ала алышат. Анын ичинде:

  • онкологиялык оорулар (II–IV стадия);
  • кан оорулары (лейкоз, гемофилия ж.б.);
  • жүрөк-кан тамыр оорулары;
  • боор жана бөйрөк жетишсиздиги, гемодиализ;
  • органдарды трансплантациялоо учурлары.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *