Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылында аялдар үчүн фитнес залы ачылды. Бул тууралуу “Ош Пирим” сайтына Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Камчыбек уулу маалымдады.


Маалыматка ылайык, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте “Айылдык ден соолук комитетинин” жетекчилери, Кашка-Суу Айылдык Кеңешинин депутаты Асылгүл Ажыбаева жана Алимбекова Эркингүл долбоорун жазышкан.


Долбоордун сметалык баасы 1 млн 300 миң сомду түзгөн. Демөөрчү тарабынан 1 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом жумшалган.


Спорт шаймандары тендер өткөрүлүп сатылып алынды. Ал эми имарат үчүн Кашка-Суу тейлөө үйүнүн эки бөлмөсү оңдоп-тузөөдөн өттү. Машыгуу залы (фитнес зал) азыркы күндө ийгиликтүү иштеп жатат. Долбоордун алкагында бир катар аялдар залга келип, башка аялдарды спорттук сергек жашоого үндөшүүдө. Учурда төрт тайпадан турган аялдар тобу келип, машыгып жатышат” – деди айыл өкмөт башчысы Шекербек Камчыбек уулу.

Бүгүн, “Кашка-Суу фитнес клубу” расмий ачылып, тасма кесүү аземине Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Камчыбек уулу Шекербек, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айылдык ден соолук комитеттеринин өкүлдөрү катышты.


Фитнес залы Швейцариянын колдоосу менен Хельси-Фючер башында турган “Кыргыз Республикасынын жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана эффективдүү башкаруу” долбоорунун каржылоосу менен “Дени сактык – коомдун келечеги, кыймыл аракет – жашоо булагы” кичи долбоорунун алкагында салынды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *