Бир ай ичинде өлкөдө жаңы төрөгөн наристесин көчөгө таштап салган 3 окуя катталды. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев пикирин билдирди.

Төрага 22-ноябрда парламенттин жалпы отурумун ачып жатып, мындай окуялардын алдын алуу үчүн коомдук коопсуздукту күчөтүү зарыл экенин белгиледи.

Аялдарга зордук-зомбулук күчөп, жаңы төрөлгөн үч ымыркайдын көчөгө ташталганы жана башка бир топ маселелер болуп жатат. Мен кечээ ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугуп, бул маселени такууладык. Коомдук жайларга видео көзөмөл орнотууну күчөтүү зарыл, себеби биздин кызкелиндерге көчөдө түнкүсүн эмес, күндүз да жүрүү коркунучтуу болуп калды. Өкмөт менен милиция тиешелүү чараларды көрбөсө, ишти күчөтүлгөн тартипте алып барбаса – бул коомго чоң коркунуч“, – деди Нурланбек Шакиев.

Учурда 3 ымыркайдын тең таштаган энеси аныкталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *