Баткенде 52 ишкер 1млн сомго чейин гранттарды алышты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Үстүбүздөгү жылдын башында башталган Баткен облусунда жергиликтүү бизнес демилгелерди колдоого багытталган долбоорго жалпысынан 2 миңден ашык арыз түшкөн.
Жыйынтыгында 52 жаран бизнес идеяларын ишке ашыруу үчүн 1млн сомго чейинки кайтарымсыз гранттарды алышкан.
Өзгөчө көңүл аялдарга, чет өлкөлөрдөн кайтып келген мигранттарга жана жаштарга бурулду.
Долбоор жаңы жумуш орундарын түзүү аркылуу экономиканы туруктуу калыбына келтирүүгө багытталган, анын натыйжасында аймактагы социалдык биримдикке салым кошуу болуп саналат.
Грант алуучулардын басымдуу бөлүгү билим берүү, туризмди өнүктүрүү, эмерек, тигүү жана ширетүү,кондитердик цехтерин, техникалык тейлөө станцияларын ачуу, айыл чарба кызматтарын көрсөтүү жана дыйканчылыкты өнүктүрүү жаатында эмгектенишүүдө.
Кызыктуу колдоого алынган бизнес-идеялардын арасында таштандыларды кайра иштетүү, Каравшин капчыгайында альпинисттер үчүн глэмпинг аянтчасын куруу, ошондой эле заманбап окуу залы жана жаштар үчүн эс алуу зонасын түзүү болгон.
БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы “Жаңырейшн аймак” демилгесинин алкагында, жергиликтүү калктын ишкердигин колдоо максатында гранттарды берүү демилгеси, аталган уюмдун пандемиянын кесепеттерин азайтуу боюнча иш-аракеттеринин уландысы болуп жатат.