«Нелегал: Мексика аркылуу» тасмасы кинотеатрларда коюла баштады

18-март күнү Ош шаарында «Нелегал:Мексика аркылуу» тасмасынын бет ачаары болуп өттү. Ага шаардагы маданият өкүлдөрү, тасманын расмий өнөктөштөрү катышты.

Долбоор «Рай под ногами матерей» тасмасын жараткан команда тарабынан тартылган. Мындай деңгээлдеги фильмди кыргыз көрүүчүсү буга чейин көрө элек.

«Нелегал: Мексика аркылуу» — Түштүк Америкада, анын ичинде жапайы жунглилерде жана башка оор жаратылыш шарттарында тартылган алгачкы кыргыз экшн-драма. Тасма экстремалдык шарттарда тартылып, ага өзгөчө реализмди, чыңалууну жана масштабдуулукту тартуулайт.

Фильмдин өзөгүндө көпчүлүк айтуудан кооптонгон тема жатат. Картина Мексика аркылуу мыйзамсыз өтүүнүн чыныгы баасын ачып берип, жеке максат үчүн өмүрүн тобокелге салган адамдардын тагдырын чагылдырат. Бул — чек аралар тууралуу (сырткы жана ички), кыялдын баасы жана адамдын духунун чыдамкайлыгы жөнүндө баян.

Тасманын тартуу иштери 40 смена созулуп, 2025-жылдын август айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлгөн. Иш катаал климаттык жана жаратылыш шарттарында жүрүп, командадан жогорку физикалык жана кесиптик даярдыкты талап кылган.

Фильм Egemen жана AZO Originals студиялары тарабынан тартылган.

Долбоордун башкы продюсери — Насырали уулу Алманбет.
Тасманын режиссёру — Руслан Акун.

Башкы ролдорду аткаргандар:
Эмиль Эсеналиев, Жахан Утаргалиев, Айсанат Эдигеева, Рауан Ахмедов, Абылайхан Айнабеков.

Улуттук прокаттан кийин тасма Казакстанда, Өзбекстанда жана башка өлкөлөрдө көрсөтүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *