Бишкекте биринчи жолу BITF 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсү өтөт

Борбор калаада биринчи жолу эл аралык туризм жана меймандостук көргөзмөсү — Bishkek International Tourism Fair (BITF 2026) өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) төрагалыгынын алкагында уюштурулууда.Көргөзмө кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Кыргызстандын туристтик потенциалын илгерилетүүгө жана туризм менен меймандостук тармагында жаңы ишкердик мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Конокторду эмнелер күтөт: Кыргызстандын 7 облусунун туристтик потенциалы; 139 катышуучу компания,…

Кененирээк

Альпинист Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды

Бул маалыматты бүгүн президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Кубатов 2016-2019-жылдары Кыргызстандын «Центерра голд» компаниясынын директорлор кеңешинде мүчө болгон. Андан мурун атайын кызматта эмгектенген. 54 жаштагы Кубатов 2021-жылы жер шарынын эң бийик чокусу Эверестти былтыр дүйнөдөгү эң татаал делген К2 чокусун кычкылтек жабдуусун колдонбой багындырган.

Кененирээк

Туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

Статком бул былтыркы жылдын көрсөткүчү экенин, ал мурдагы жылдагыдан 8,1%га жогору экенин билдирди. Маалыматка ылайык, туризм экономикадагы маанилүү тармактардын бири болуп, ИДПдагы үлүшү 3,8%ды түздү. Жалпы кошумча нарк 74,4 млрд сомго жеткен. Учурда тармакта 129 миңге жакын чарба субъектилери иштеп, жумуш орун түзүүгө жана региондордун өнүгүшүнө салым кошууда.

Кененирээк

Садыр Жапаров жана Binance эл аралык криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Жыргалаңга барышты

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында ири эл аралык Binance криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен бирге Жыргалаңга барды. Алгач Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао комплекстин аймагын көрүп чыгышты. Андан соң Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курорттук шаарчаларын бириктирген “Ала-Тоо Резорт” бардык мезгилге ылайыкталган тоо лыжа кластеринин курулушу менен таанышышты. Президенттин Администрациясынын…

Кененирээк

Кыргызстан жана Австрия Ысык-Көл облусунда туризм мектебин түзүшөт

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Австриянын делегациясы менен видеоконференция өткөрдү. Жолугушууда кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү жана австриялык методология менен туризм мектебин ачуу талкууланды. Негизги долбоор — Ысык-Көл облусунда адистештирилген билим берүү борборун түзүү. Башкы басым кышкы туризм жана кышкы спорт түрлөрү үчүн кадр даярдоого жасалат, имараттарды реконструкциялоо жана жабдуу маселелери каралууда. Мындан тышкары,…

Кененирээк

Кыргызстанда бирдиктүү “Санарип туристтик платформасы” түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргендей, учурда визалар, камсыздандыруу полистери жана логистика ар башка ведомстволордо болуп, биздин өлкөгө келген туристтерге кыйынчылык жаратып келет. Андыктан, бардык мамлекеттик кызматтарды, бизнес-сервистерди жана төлөм куралдарын бириктирген платформа керек. Долбоорду Туризм департаменти, Санариптик өнүктүрүү жана Каржы министрликтери жана “Түндүк” тиркемеси ишке ашырат. Аларга техникалык талаптарды жана каржы булактарын аныктоо тапшырмасы…

Кененирээк

Баткенде 52 жаран бизнес идеясына кайтарымсыз грант алышты

Баткенде 52 ишкер 1млн сомго чейин гранттарды алышты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Үстүбүздөгү жылдын башында башталган Баткен облусунда жергиликтүү бизнес демилгелерди колдоого багытталган  долбоорго  жалпысынан 2 миңден ашык арыз түшкөн.  Жыйынтыгында 52 жаран бизнес идеяларын ишке ашыруу үчүн 1млн сомго чейинки кайтарымсыз гранттарды алышкан. Өзгөчө көңүл аялдарга,…

Кененирээк

БИШКЕКТЕ 26 КОСМЕТОЛОГИЯЛЫК БОРБОР ЛИЦЕНЗИЯСЫ ЖОК ИШТЕП КЕЛГЕН

Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык борбор жабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады. Ага ылайык уруксат кагаздары жок туруп, мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенип, медициналык манипуляцияларды жана хирургиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүшкөн. Косметологиялык салондорго 84 миң сом айыппул салынды. Министрлик жарандарды өзүнүн саламаттыгына олуттуу мамиле жасоого чакырат. Мындай борборлорго кайрылуудан мурда медициналык уюмдардын тизмеси менен таанышып алуу…

Кененирээк

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн, — ӨКМ

үгүн жана эртең күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кененирээк