Элеттен кетпей, эбин тапкан ишкер айымдар

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл аймагында 18 аял кишилерден турган топ туризмди өнүктүрүүнү колго алышкан. Алар Кара-Кой жайлоосунда эс алуу зоналарын, боз үй шаарчаларын жана конок үйлөрүн негиздеп, өлкө аймагындагы жана чет элден келген туристтерди коноктошот.  

  Алардын бири Гүлжан Орозали кызы “Ак калпак” эс алуу жайын түптөп, эки жылдан бери  ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Анын үй-бүлөсү буга чейин мал чарбачылыгы менен алектенип, сүт азыктарын сатып тиричилик кылып келишкен. Кийинчерээк Гүлжан айым “Аялдар тынчтык банкы” Коомдук фондунун “Седеп” долбоору аркылуу жергиликтүү аялдар менен биргеликте туризм жаатында ишкерликти колго алат. Өздөрүнө тиешелүү жайыт жерине боз үйлөрдү тигип, сөөрүлөрдү жайгаштырат.

 Каарманыбыз улуттук мурастарды даңазалоо максатында алыскы Кара-Кулжа районунун Алайкуу аймагынан 1969-жылы жасалган көөнө боз үйдү сөөгү, жасалгалары менен сатып алган. Учурда ошол боз үйдө сыйлуу конокторду кабыл алып,кыргыздын нукура салт-санаасын да таанытып, жайылтып жатат.

 Дагы бир каарманыбыз ушул эле айылдын тургуну Фарида Кумашова да жайлоодо эс алуу зонасын түптөгөн. Акыркы жылдары Кара-Койго туристтердин агымы көбөйгөндүктөн конок тосуучу боз үйлөрдү да көбөйтүү керектигин баамдаган ишкер айым проект жазып, чет элдик донорлордун колдоосу менен 5 даана кыргыз үй сатып алган. Фарида айым  айылда кол өнөрчүлүк кесиби менен да таанымал. Ал боо согуп, курак курайт жана кийизден оюу оюп, шырдактарды жасайт.

Эмгекчил айым чет жактарга жумуш издеп кетпей, табияттын берген кооз жаратылышын пайдаланып, колуңан келген өнөрүң менен да өз жериңде жакшы жашоо курса болоорун айтат. Ал “Седеп” долбоору аркылуу Алай, Нарын сыяктуу тоолуу аймактардагы туристтик жайлар менен таанышып, кол өнөрчүлүктүн өзгөчө сырлары тууралуу да маалыматтарга ээ болгон.

Учурда Кыргыз-Ата айылдык аймагында долбоор аркылуу ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 18 аял чакан кооператив түзүүнү көздөп жатышат.

#EU4kg #СЕДЕП долбоору

#SEDEP #Pro.NGO!е.V

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *