Бүгүн Бишкектеги Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун имаратында мигранттар үчүн экинчи ресурстук борбордун салтанаттуу ачылышы өтөт.
Борбор Европа биримдигинин колдоосу менен Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор ишке ашырып жаткан Protect долбоорунун алкагында түзүлүүдө.
Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, борбор жарандарга коопсуз, тартиптүү жана мыйзамдуу миграция боюнча так маалымат берүүгө багытталган.
Ошондой эле анда мыйзамсыз миграциянын, адам сатуу жана эксплуатациянын башка түрлөрүнүн коркунучтары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Мигранттар үчүн биринчи ресурстук борбор 2024-жылдын 5-мартында Ош шаарында ачылган. Ошондон бери 21 миңден ашуун жаранга жардам көрсөтүлүп, консультациялар, маалыматтык иш-чаралар, кетүүгө чейинки жолугушуулар жана бош орундар жарманкелери өткөрүлгөн.
Бишкектеги борбор жарандарды чет өлкөгө кетер алдында даярдоо, коопсуз эмгек миграциясы боюнча тренингдерди өткөрүү жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү коомчулуктар менен кызматташуу иштерин жүргүзөт.


