Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо маселесин көтөрдү. Ал бул көйгөйдү Курулуш министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Агартуу министрлигине жана Бишкек мэриясына бир нече жолу билдиргенин айтты.
Депутаттын белгилешинче, шаардык инфраструктура талапка жооп бербегендиктен, майыптыгы бар адамдардын жүрүп-турушу кыйын. Бул көйгөй улгайган адамдарга жана кичинекей балдары бар энелерге да тиешелүү.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева майыптыгы бар адамдар калктын эң аярлуу катмарларынын бири экенин жана алардын укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл буруларын билдирди.
Анын маалыматына караганда, 2026-жылдын тогуз айында бул багытта беш мониторинг жүргүзүлүп, билим берүү мекемелери да камтылган.
10-декабрда Акыйкатчы институту мамлекеттик органдардын, эл аралык өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан улуттук диалог өткөрөт. Быйылкы иш-чара майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоого арналат.
Ошол эле иш-чарада 2027-жылды майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо жылы деп жарыялоо пландалууда.


