БШК №13 округда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо боюнча добуш берүүчүлөрдүн тизмесин жарыялады. «Тизме» порталында 161 миң 347 шайлоочу болсо анын 49,83% эркектер, ал эми 50,17% аялдар түздү.
Шайлоочулардын тизмеси 2026-жылдын 13-январына чейин 94 шайлоо участогуна илинет. Шайлоочу өзүн тизмеден 18-февралга чейин 1255 же 119 кыска номерлерине чалып же шайлоо участогунан же «tizme.gov.kg» сайтынан текшерсе болот.
Эске салсак, Жалал-Абад облусундагы №13 округдагы кайра шайлоо 1-мартка белгиленген. Үгүт иштери добуш берүүгө 20 күн калганда башталат.
Өнөктүктү өткөрүүгө республикалык бюджеттен 18,5 миллион сом сарпталат.
