Маданият министрлиги TikTokту бөгөттөн чыгарууну сунуштады

19-февралда өткөн коллегияда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Кыргызстанда TikTok социалдык тармагын бөгөттөө чечимин кайра кароону сунуштады.

Анын айтымында, учурда маалыматтык чөйрөнү мониторинг кылган борбор жоюлуп, соцтармактар менен иш алып барган ыйгарым укуктуу орган жок. Ошол эле маалда TikTok расмий бөгөттө турганына карабай, жарандар платформаны VPN аркылуу колдонуп жатышат.

Тагаев чектөө жаштарга, креативдүү индустрия өкүлдөрүнө жана TikTokту бизнесин илгерилетүү үчүн пайдаланган ишкерлерге терс таасир эткенин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *