Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу 19-февралда депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу чечимин кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу ал Facebookтагы баракчасына жазды.
Кайрылуусунда Тургунбек уулу акыркы убакта анын атына байланыштуу жалган маалыматтар тараганын айтып, ошондой эле 75 адамдын кайрылуусуна байланышкан саясий интригаларга жана демилгелерге тиешеси жок экенин белгиледи. Ал саясаттан алысыраак болуп, ден соолугуна көңүл буруп, жеке иштерине убакыт бөлүүнү көздөөрүн кошумчалады.
Экс-спикер шайлоочуларга ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, парламенттен эрте кетүү чечими үчүн кечирим сурады. Ошондой эле мамлекеттик кызматтагы бардык чечимдери өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынганын кошумчалады.

