Альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөр жогорулады

Жогорку Кеңеш 19-февралдагы жыйында альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулаткан мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Ошондой эле аскердик каттоонун эрежелерин бузган жарандарга салынуучу айып пул 10 миң сомго чейин көбөйтүлдү.

Жаңы төлөмдөр: үй-бүлөлүк абалына байланыштуу — 25 миң сом

ден соолугу боюнча чектөө барларга — 40 миң

катталган диний уюмдун мүчөлөрүнө — 50 миң

22–40 жашта аскер өтөбөгөндөргө жана мобрезерв жыйындарына — 75 миң

жогорку билими бар 30 жашка чейинкилерге (запастагы офицерлер программасы) — 90 миң сом.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *