Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев билдирди.
2025-жылдагы босого балл:
Негизги тест — 110 балл
Предметтик тест — 60 балл
Айрым багыттар боюнча:
Педагогика — 130 (грант), 115 (контракт)
Саламаттык сактоо — 120 (грант), 110 (контракт)
Айыл чарба — 100 балл (грант/контракт)
ИИМ академиясы жана КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтуна кошумча медициналык кароодон жана сынактардан өткөн абитуриенттер гана катыша алат.
Абитуриенттер мурдагыдай эле категорияларга бөлүнөт:
— Бишкек мектептери
— Облустук борбор/шаар мектептери
— Айыл мектептери
— Бийик тоолуу аймактагы мектептер
Грант бөлүштүрүүдө жетимдерге, этникалык кыргыздарга, майыптыгы бар адамдарга жана башка категорияларга өзүнчө квоталар каралган.

