2026-жылдын башынан бери «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы Минздрав бекиткен тизме боюнча дары-дармек жана медбуюмдарды борборлоштурулган тартипте сатып алууда. Үстүбүздөгү жылы сатып алуулардын бир бөлүгүн БУУ тутумундагы уюмдардын механизмдери аркылуу өткөрүү пландалууда.
Бул моделдин алкагында 30га жакын аталыштагы дары-дармек жана медбуюмдар түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн алынат. Мындай ыкма ортомчуларды четтетип, продукциянын эл аралык сапат стандарттарына, анын ичинде ДСУнун преквалификациясына шайкеш болушун камсыздоого багытталган.
Учурда тиешелүү келишимдерди түзүүгө даярдык жүрүп жатат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, глобалдык сатып алуу механизмдери өткөн жылга салыштырмалуу 410 млн сомго жакын каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

