Тараптар эки тараптуу кызматташтык, парламенттер аралык диалог жана регионалдык күн тартибинин маселелерин талкуулашты.
Министр европалык кесиптештерине өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий жана экономикалык реформалар тууралуу маалымат берип, алардын республиканы туруктуу өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгиледи.
Бул контекстте ал “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жана “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жол долбоору сыяктуу ири инвестициялык демилгелер менен тааныштырды.
Ошондой эле Ж.Кулубаев алдыңкы европалык технологияларды тартууга кызыкдар экенин билдирип, транспорттук өз ара байланыштуулуктун жана энергетикалык коопсуздуктун бүткүл регион үчүн стратегиялык маанисин белгиледи.




