Черногориянын Тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович Кыргызстанга расмий сапар менен келет

2026-жылдын 23-24-мартында Черногориянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар пландаштырылган.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары эл аралык жана аймактык күн тартиби, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуусу күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *