Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жаңыланган туу салтанаттуу көтөрүлдү. Аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “КР мамлекеттик символдору жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койгон. Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы символдорунун бирин – Кыргыз Республикасынын туусун жакшыртуу максатында кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.


Ошондой эле аземге Президент Садыр Жапаров катышкан жок. Себебин Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов түшүндүрдү.
Жаңыланган тууда кардиналдуу өзгөрүү болгон жок, негизги идея сакталып, бир аз гана техникалык өзгөртүүлөр киргизилди. Ошого байланыштуу иш-чараны Садыр Жапаровсуз өткөрүү чечими кабыл алынды“, – деди ал.


Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *