Бүгүн, 8-январда 2023-2024-окуу жылына карата абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун экинчи туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.


Сынакка каттоо 10-январь саат 14:00 дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 11-январда саат 9:00гө чейин жайгаштырылат.
Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 13-январь саат 16:00го чейин тастыктоосу керек.


Белгилей кетсек, I турда жалпысынан 237 талон катталып, анын ичинен ЖОЖдор 219 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган.
Жыйынтыгында 182 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.
I турда эң көп талон төмөндөгү жогорку окуу жайларга түшкөн:
1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 68,
2. Ош мамлекеттик университети – 52,
3. Борбордук Азиядагы Америка университети – 27,
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы – 25,
5. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 12,
6. Эл аралык медициналык университети – 12.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *