Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу жаратылышты коргоого багытталган көптөгөн иш аракеттер аткарылып келет, алардын бири жасалма мөңгү тоңдуруу. Мындай ыкманы Жалал-Абад облусунун Кашка –Суу айылында 2 жылдан бери колго алып келишет. Декабрь айында тондурула баштаган мөңгүлөр май айынын ортолоруна чейин айыл элиндеги суу таңкыстыгын жоюуга пайдаланылып келет. Айыл өкмөт башчысы Шекербек Камчыбек уулунун айтымында бул иш аракеттин аркасында жаратылыш бир топ жандана түшкөн. Ушул тапта 10 миң м3 муз чогултулган. Күн суук болсо 25 м3 ка чейин чогултууну пландап турушат.

Шекербек Камчыбек уулу
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы
Биздин айыл өкмөттө 9 айыл, 10254 калк жашайт. Мен 2021-жылы айыл өкмөт болуп ишке киришип, 2022-жылы БУУнун азык түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан пилоттук ыкмага кирүү боюнча кат сурашты. Биз да Кашка-Суу айыл өкмөтүн киргизүү жөнүндө жооп жөнөттүк. БУУнун өкүлдөрү келип, экологияны тазалоо жана жаратылышты сактап калуу максатында жумуштарды алып барууну айтып, жасалма мөңгү боюнча да сурап калды. Бул боюнча өзүмдүн түшүнүгүм болгондуктан дароо эле макул болдук. Биздин айылда кокту-колоттордо соолуган булактар көп болчу. 2022-жылы пилоттук негизде Кара-Төбө айылына биринчи мөңгүнү жасаганбыз. Ал бир жыл аралыгында жакшы жыйынтык берди. Аайланасы жашылданып, туризм бир кыйла жанданды. Ошондой эле айылга суу жетпей сиңип кетчү, ал эми мөңгү тоңдурулгандан кийин айылда суу таңкыстыгы жоюлду. Ошол эле ыкма менен 2023-жылы дагы Өлөң-Булак жана Тогорок-Сай айылында эки мөңгү жасалды. Суу түтүктөрүн орнотууга 700-800 миңдей акча керектелди. Бугу керектелген каражаттын баарын Бириккен Улуттар Уюму берди.
Мөңгү тоңдуруу иши аткарыла баштагандан тарта соолуп калган булактар кадимкидей кайра жанданып, суу аккан. Ал эми бул иштин жасалуу ыкмасы көбүнө кызык болсо керек…
Шекербек Камчыбек уулу
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы
Суу алып келүүгө 100 дүк трубаны пайдаланабыз. Кыймылдаткычсыз эле суу өзүнүн агымы менен келип оргуштап агып тургандай абалга келтирүү иштери жүрөт. Чилдеде кичинеден тоңуп отуруп чоң муз пайда болот. Былтыркы жылы январь жана февраль айларында -27, -30 градус болуп жакшы тоңду эле быйыл күн жылуу болуп жатат.
Экологдордун айтымында бул ыкманы пайдалануу менен жайыттар кеңейтип, бир канча жайлоолордогу суу таңкыстыгы чечилип жатат дешет. Өлкөгө мөңгү тоңдуруу ыкмасын алгачкылардан болуп Кыргыз жайыты, жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Абдумалик Эгембердиев ишке ашырган. Жасалма мөңгүнү эң биринчи Нарын облусуна курулуп, азыркы учурда баардык аймактарда мындай мөңгүлөр бар. Жалпы 30га жакындап калган.
Абдумалик Эгембердиев
Кыргыз жайыты, жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси
Бул ыкманын эң негизги пайдасы сууну көбөйтүү. Негизи эң жакшы жайыттарыбыз бар, бирок суу тартыштыгынан малдарды чоң жайлоого эрте айдап, ал жактагы жайытты да эрте түгөтүп, начарлатып жатышат. Ал эми мөңгүлөрдүн көлөмү ар түрдүү, бул нерсе булактардын көлөмүнө жараша болот. Эң чоң мөңгүлөр июнь айынын орто ченине чейин барып ээрип түгөнөт. Ошол жерлеги агын сууларга, сугат сууларга кошумча болуп жатат. Бул иштер дагы да улантылат.
Окумуштуулар глобалдык жылуулануудан мөңгүлөр катуу жабыркап жатканын белгилеп келишет. Изилдөөчү Рыскул Усубалиев Дүйнө анын ичинде Кыргызстанда да абал жакшы эмес экендигин белгилейт.

Рыскул Усубалиев
изилдөөчү
2021-жылдан бери мөңгүлөрдүн ээрүү темпи күчөгөнү байкалып жатат. Жалпысынан мөңгүлөрдүн көлөмү 16%га кыскарды. Буга себеп зыяндуу заттардын түтүнү, абанын булганышы ошол эле күндүн ченемден сырткары жылуу болуусу мөңгүлөрдүн тездик менен эришине алып келүүдө. Мөңгүлөрдүн бул темп менен эриши суунун запасын азайтып жатат. Азыркы учурда аймактарда тоңдурулуп жаткан муздарды мөңгү деп айтуу кыйын, бирок, сууга муктаж, таңкыс жерлерде көйгөйлөрдү чечүүгө үлүшүн кошууда.
Мөңгүлөрдүн тез эригени бир гана суу таңкыстыгына алып барбастан, абанын булгануусу жана жашоого терс таасирин тийгизет. Алардын кыскарышына глобалдык жылуулануунун таасири бар. Ошол эле маалда адам баласынын аракети дагы терс таасирин тийгизип жатканын четке кагууга болбойт.







