Бүгүн, 1-майда, жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти.
Кирешеси тууралуу декларацияны бардык жеке ишкерлер тапшырышы керек. Бирок патент менен иштегендер бул талаптан бошотулат. Ошондой эле эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана киреше салыгы иш берүүчү тарабынан кармалбаган жарандар да декларация берүүгө милдеттүү.
Декларация cabinet.salyk.kg сайтындагы «Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу электрондук түрдө кабыл алынат.
Кыргызстандыктар декларацияны ыктыярдуу түрдө да тапшыра алышат. Бул социалдык же мүлктүк чыгымдар үчүн салыктык чегерүүлөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет.


