Салык кызматы оңдоочу электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштуруу тартибин өзгөрттү

Мамлекеттик салык кызматы эсеп-фактураларды жол-жоболоштуруу жана колдонуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Эми оңдоочу электрондук эсеп-фактурада мурдагыдай баштапкы жеткирүү датасы эмес, оңдоого негиз болгон жагдайлардын келип чыккан датасы көрсөтүлүшү керек.

Оңдоочу ЭЭФ товарды толук же жарым-жартылай кайтарууда, бааны өзгөртүүдө, аткарылган иштерден же кызматтардан баш тартууда, ошондой эле төлөмдү кайтарууда жол-жоболоштурулат. Жол-жоболоштуруу мөөнөттөрү мурункудай эле калат. Өзгөртүүлөр МСКнын 2026-жылдын 29-апрелиндеги №191 буйругу менен бекитилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *