Кыргызстанда балдарды чет өлкөгө диний билим алууга жиберүүгө айып пул киргизүү сунушталууда

Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кенешке киргизилди. Документке ылайык, 18 жашка чейинки жарандардын диний билим алуу максатында өлкөдөн чыгышына толук тыюу салуу каралууда.

Ошондой эле мындай сапарга шарт түзгөн ата-энелер жана башка адамдар жоопкерчиликке тартылат.

Айып пулдар:

жеке жактар үчүн — 6 600 сом

юридикалык жактар үчүн — 20 000 сом

Өзгөртүүлөр бир катар мыйзамдарга, анын ичинде балдар, билим берүү, тышкы миграция жана дин тутуу эркиндиги тууралуу мыйзамдарга киргизилүүдө .

Долбоордун авторлору бул демилге-балдардын укугун коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, радикал жана экстремисттик агымдардын алдын алуу максатын көздөйт деп белгилешет.Мыйзам долбоору коомдук талкуудан өткөн. Эми ал парламенттин тиешелүү комитеттеринде каралат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *