Мэриянын Транспорт департаментинин жетекчи орун басары Алмаз Алымбековдун айтымында, автобустардын бардыгы негизги көчөлөр менен жүргөндүктөн, коомдук транспорт тыгындын негизги себеби болууда. Андыктан аларды төмөнкүдөй кылып бөлүштүрүү каралып жатат:
Автобустар шаарды аралап кыдырбай түз-түз кетет,
Калаанын четин камтыган чоң айланма маршрут болот.
Негизги көчөлөргө жанаша кеткен маршруттар ачылат.
Учурда иштеп жаткан 72 каттамдын дээрлик теңи өзгөрөт.
Автобустар жайкы эс алуу маалында жаңы схемага өтөт.
Сөзсүз түрдө бир жолу транспорт которууга туура келет.
Бир саат ичинде коомдук транспорт алмаштырса, экинчисин акысыз кылуу боюнча сунуш каралууда.
Мэрия 625 кичи көлөмдүү жаңы автобус сатып алды.

